Орусиядагы кыргызстандыктар кандай учурда мобилизацияланышы мүмкүн? Тышкы иштер министрлигинин түшүндүрмөсү

Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы кыргызстандыктар кандай учурда мобилизацияланышы мүмкүн экендигин түшүндүрдү.

Маалымдалгандай, Орусиянын аймагында убактылуу иштөөгө уруксат кагазы менен жүргөндөр жана студенттер куралдуу күчтөргө чакырылбайт.

Ал эми буга чейин кош жарандуулукту алгандар же аталган өлкөнүн паспортуна ээ болгондор мобилизацияланышы толук мүмкүн экенин билдиришти.

21-сентябрда президент Владимир Путин Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялоо жарлыгына кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА