Байсалов: "Негизги милдет - мамлекеттин жана элдин биримдиги"

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында Эвакуациялоо комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Эдил Байсалов белгилегендей, жер которууга муктаж болгондорду тез арада туруктуу жашаган жерлерине кайтаруу жана калктуу конуштардын талкаланган инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн шарттарды түзүү бардык бийлик органдарынын негизги милдети болуп саналат.

Эвакуациялоо комиссиясынын отурумунун жыйынтыгы боюнча, учурда маселелерди ыкчам чечүүгө тоскоолдук кылып жаткан ченемдик укуктук актыларды толуктоо жана тактоо, анын ичинде мамлекеттик бюджеттен жана атайын фонддордон убактылуу жер которгон адамдарды жатакана жана тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын чыгымдарын компенсациялоо үчүн каражат бөлүү жана анын ченемдерин белгилөө тапшырмасы берилди.

Ошондой эле Эвакуациялоо комиссиясынын төрагасы калк арасында мамлекеттик колдоо алуу үчүн кайрылууга жана убактылуу көчүрүлгөн деп эсептелүүгө укугу жок айрым элементтердин бар экендигине көңүл бурду. Ошондуктан убактылуу көчүрүлгөндөр үчүн тездетилген тартипте жардам алуу үчүн белгилүү критерийлерди орнотуу милдети коюлду.

Президенттик администрациянын алдында ведомстволор аралык иштерди координациялай турган атайын жумушчу комиссия түзүлдү. Негизги жоопкерчилик аймактык бийлик органдарына жүктөлөт.

Эдил Байсалов ошондой эле азыркы оор күндөрдө бийликтин ишине болгон ишенимди кетирип, араздашууга аракет кылып жаткан чагымчыл сөздөр бар экенин белгиледи.

"Азыр куру сын айтуу, өзүн-өзү жарнамалоо учуру эмес экенин айткым келет. Азыр мамлекеттин, элдин биримдиги керек, элибизде бекеринен “Өздөн чыккан жат жаман” деп айтылбаса керек. Өзгөчө кырдаал режиминде улуттук биримдикке, элдин ишенимине доо кетирүү жана мамлекеттик бийлик органдарынын иш-аракеттеринин жана коомдун аракеттеринин маңызын бурмалоо максатын көздөп, негизсиз билдирүү жасаган адамдар мыйзам алдында күчөтүлгөн жоопкерчилик тартат. Учурда эң негизги максат – мамлекетибизди бардык тармакта бекемдөө", - деп белгиледи Эдил Байсалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан