Баткенде интернет байланыштын 70 пайызы калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Кыргызтелеком» ААКсынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Максат Мажитов бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.
Маалымдалгандай, Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам 16-сентябрда «Кыргызтелекомдун» Лейлек тарапка кеткен магистралдык кабели жабыркаган. Ал эми облус боюнча жалпы 193 абонент интернетсиз калган.
"Баткен районунда 116 абонент түйүнсүз калган, анын 17си мектеп, базалык жана санариптик станциялар да жабыркаган. Лейлек районунда 77 абонент, анын ичинде 7 мектеп интернетсиз калган. Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө бузулган техниканын 70 пайызы калыбына келтирилди", - деди Мажитов.
14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуусунан мерт кеткендердин саны 62ге жетти. Жабыркагандар 200гө чамаласа, үйүн таштап коопсуз аймакка чыгып кеткендердин саны 140 миңге жакындады.