Баткендеги тажик тараптын куралдуу кол салуусунан кийин 14 трансформатор жарактан чыкканын Баткен электр тармактар ишканасынын директору Асылбек Артыков билдирди.
Маалымдалгандай, Баткенге калыбына келтирүү жумуштарына Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Кыргыз электр тармактарынан 72 жумушчу, 10 топ тартылган.
“Бүгүнкү күндө бардык аба чубалгыларга электр жарыгы берилди. Бирок 14 трансформаторду алмаштыруу керек болуп турат", - деди Артыков.
Ал кошумчалагандай, Чүй электр тармактарынан 11, Жалал-Абад электр тармактарынан 2, Ош электр тармактарынан 5 трансформатор Баткенге жөнөтүлгөн. Алар келсе жогорудагы айткан трансформаторлор электр энергия менен камсыз болот.
Тажикстандын агрессиясынан Баткенде 319 даана трансформатор жабыркап, 13 миң 235 абонентке электр жарыгын берген линиялар иштен чыккан.