Баткенде 11 миңден ашык үйгө электр жарыгы берилди

Баткенде эки күн мурун 11 миң 105 керектөөчүгө электр жарыгы берилди. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда Баткен электр тармактар ишканасынын директору Асылбек Артыков билдирди.

Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы узундугу 320 чакырым болгон аба чубалгылары жабыркаганы маалымдалат.

Тажикстандын агрессиясынан улам облус боюнча 319 даана трансформатор, 13 миң 235 абонентке электр жарыгын берген линиялар жабыркаган.

"Эки күн мурун 11 миң 105 керектөөчүгө жарык берилди. Азыр дагы жумуштар уланууда”, - дейт Артыков.

14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуусунан мерт кеткендердин саны 62ге жетти. Жабыркагандар 200гө чамаласа, үйүн таштап коопсуз аймакка чыгып кеткендердин саны 140 миңге жакындады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан