ӨКМ: “Баткенге 1404 тонна гуманитардык жардам жеткирилди”

Учурда Баткен облусуна жалпысынан 1404 тонна гуманитардык жардам жеткирилсе, анын 207 тоннасы министрлик тарабынан, 990 тоннасы жарандардын өз күчү менен жеткирилген. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Кампада 206 тонна гуманитардык жардам бар. Республиканын бардык аймактарынан чогултулган гуманитардык жардам Баткен облусуна жөнөтүлүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Республика боюнча гуманитардык жардамды кабыл алуу үчүн 184 пункт бар:

  • Ысык-Көл облусунда - 64,
  • Ош облусунда - 44,
  • Талас облусунда - 43,
  • Жалал-Абад облусунда - 13,
  • Чүй облусунда - 12,
  • Нарын облусунда - 6,
  • Ош шаары - 1;
  • Бишкек - ​​1.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kebranum
2022-09-24 17:21:00
Жетиши жетиптир. Ошол жардамдар чыныгы муктаждарга жетиби? Менимче баягы эле тойбос аким, мер, генералдардан ашпайбы? Эл учун куйуп элди ойлогон чыныгы патриот чиновник барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА