Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү (фото)

Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Кабарлангандай, массалык ишембилик “Таза мурас” улуттук өнөктүгү жана шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругунун негизинде өттү.

"Ага менчигинин түрүнө карабай шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, студенттер катышты. Ишембиликтин жүрүшүндө эс алуу жайлары, шаар көчөлөрү, мекеме-ишканалардын айланасы жана турак жайлардын короолору тазаланды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, шаардын аймагында президенттин "Таза мурас" акциясынын алкагында шаарды таштандыдан арылтуу жана көрккө келтирүү максатында ар апта сайын ишембилик өтүп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан