Ош шаарына Өзбекстандан 35 автобус алып келингенин шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, шаарга Өзбекстандын “SamAuto” заводунан алынып жаткан 50 автобустун 35и келди. Калганы 26-сентябрда келет.
Учурда Самарканд автомобиль заводунун адистери айдоочуларды даярдоо иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.
"70 айдоочу атайын окуудан өтүүдө. Жакынкы арада автобустарды линияга чыгаруу пландалууда”, - деп айтылат маалыматта.
Өзбекстандан 50 автобус алып келүү боюнча келишимге Ош шаарынын мэриясы менен Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан кол койгон.