Кыргызстан менен Орусиянын жолдоштук беттешүүсү учурунда Бишкектин көчөлөрү жабылбайт

Кыргызстан менен Орусиянын футбол боюнча жолдоштук беттешине байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылбайт. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Кабарлангандай, мурдагыдай расмий түрдө көчөлөр жабылбайт. Бирок кырдаалга жараша күйөрмандар стадионго кирип баратканда жана чыгып жатканда Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнөн өтүүгө убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүн экени айтылды.

Оюн бүгүн саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Бүгүнкү беттеште Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы кызыл түстөгү формада, орусиялык спортчулар ак түстөгү кийим менен ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pankration_MMA
2022-09-24 21:03:00
0:7 ге жеңилетко булар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан