Жалал-Абад шаарында маршруттук каттамдардын багыты өзгөртүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Жалал-Абад шаарында жаңы ачылып жаткан муниципалдык базарга баруучу шаар тургундарына жана келген конокторго ыңгайлуу шарт түзүү максатында 10 маршруттук каттамдын багыты өзгөртүлдү. Тагыраагы, 26-сентябрдан тартып 101, 102, 103, 105, 107, 108, 109, 110, 111, 112-маршруттук каттамдар аталган муниципалдык базардын жанындагы Байзаков жана Курманбек көчөлөрү аркылуу өтө баштайт.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинде жалпысынан 13 маршруттук каттам бар. Ал каттамдар аркылуу күн сайын 150дөй кичи автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп келет.