Милиция: Бишкекте чоңдордун көзөмөлү жок жүргөн 47 бала табылды

Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөр арасында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Рейд Ленин районунун аймагында болгон. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Укук коргоо кызматкерлери «Салам, мектеп!» рейдинин алкагында базарларды, дүкөндөрдү, унаа жуучу жайларды, компьютердик клубдарды жана башка жерлерди текшерди", - деп айтылат билдирүүдө.

Анда ата-энесинин жана мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз жүргөн 47 жашы өспүрүм аныкталган. Алардын 26сы өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, калгандары ата-энелерине өткөрүп берилди.

Балдар жана алардын ата-энелери менен биргеликте профилактикалык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан