Германиянын Франкфурт шаарында 100дөн ашуун кыргызстандык тынчтык жүрүшкө чыгышты. Иш-чаранын сүрөттөрү социалдык тармактарга жайгаштырылды.
Анда катышуучулар тажик тараптын куралдуу кол салуусун айыптап, "Согушка жол жок!", "Баткен, биз сени менен!" деген сыяктуу ураандар айтылды.
Мындан сырткары чек арадагы айылдардын талкаланып, ондогон киши набыт кетип, миңдеген тургундардын үй-жайын таштап качууга аргасыз болушуна кошуна өлкөнүн бийлигин күнөөлөштү.
Ушундай эле акциялар Германиянын Берлин, Гамбург, Мюнхен, Штутгарт жана башка шаарларында дагы өттү.