Баткен: Чек арадагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Баткен облусунун аймагында 24-сентябрдан 25-сентябрга караган түн тынч өттү. Жалпысынан кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Эки өлкөнүн облус жетекчилигинен түзүлгөн иштөө тобу бүгүн да иш алып барышат", - деп айтылат билдирүүдө.

14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын агрессиясынын кесепетинен 62 кыргызстандык шейит кетип, 200гө жакын адам ар кандай жаракат алган. Коопсуз жайга эвакуация болгондордун саны 140 миңге чамалаган. Алдын ала маалыматтарга караганда, 600дөн ашык коомдук имарат жана турак үй өрттөлүп, талкаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА