Курман болгон мекен сакчыларынын жаркын элесине арналып Бишкекте баннерлер орнотулду

Бишкек шаарынын Малдыбаев-Ахунбаев, Тыналиев-Ахунбаев, Киев - Байтик Баатыр жана Чүй-Кулиев проспектилеринин кесилишинде жайгашкан билборддорго Баткендеги Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгон мекен сакчыларынын элесине арналган баннерлер орнотулду.

Анда Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери: улук сержант Каныбек уулу Дурус, кенже сержант Манас Баатырбеков, улук сержант Акылбек Ташбеков, катардагы жоокер Айбек Абдилабекович жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын ага сержанты Мыктыбек Мурзажановдун жаркын элеси эскерилген.

"Ушул сыяктуу ар бир окуя эрдиктин жана аскердик антка берилгендиктин белгиси болуп эсептелет. Аскер кызматкерлери менен милиция кызматкерлери Ата Мекенди коргоо өзгөчө милдет экенин тереңден түшүнүү менен бул куралдуу кол салууга каршы киришти. Анткени алар үчүн “Эрдик” деген жөн эле сөз эмес, күнүмдүк реалдуулук. Аларды өлкөбүздүн ар бир жараны таанууга татыктуу", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
1985lana
2022-09-25 11:37:00
Эламан Ураимов мн Гулжигиттин суротун таба албадым
0
Nurlan1982
2022-09-25 14:16:00
Эламан Ураимовтун коргоо министрлигинин чек ара кызматынын да баннерлерин илиш керек
0
Nurlan1982
2022-09-25 14:17:00
Жоокерлеринин
0
erlan_87
2022-09-25 15:14:00
Азыркы заманда жаны технология менен баардык согушиу женебиз. Патриотизм менен женишти камсыздоо мумкун эмес.
0
Alixan-Nookat.2015
2022-09-25 19:18:00
Бул жерде милиция кызматкерлери эле экен Ошол күндүн негизги баатырлары чек ара заставалардын жана "Бөрү" атайын дайындалган отрядынын аскер кызматкерлери жок экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан