Баткен облусунан келген жарандар Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун санаторий пансионаттарына жайгаштырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, “Ак Бермет” пансионатына 20 адам, “Көгүлтүр Ысык-Көлгө” - 4, “СОС” балдар үйүнө 20, “Кыргыз Деңиз” санаторийине 48 адам, “Алтын Балалык” реабилитациалык борборуна 36 адам, Тамчы айылындагы турак үйгө 11 адам жайгаштырылды. 30у өз каалоосу менен туугандарынын үйлөрүнө кетишкен.
Жалпысынан чек арадагы жаңжалдан улам үй-жайын таштап качкандардын 169у Ысык-Көлгө жеткирилди. Аларга райондук мамлекеттик администрация тарабынан жатакана жана ысык тамак уюштурулуп, элден чогулган гумжардам таратылып жатат.