"Издөө иштерин токтотпоону суранам". Дайынсыз жоголгон Дастан Анарбековдун апасы президентке кайрылды

“Уулум Дастан 2022-жылдын августунда Лейлек районунун «Достук» заставасына командирдин орун басары болуп жөнөтүлгөн. 17-сентябрдан бери дайыны жок. Сиздерден издөө иштерин токтотпоону суранам”, — деп айтылат дайынсыз болуп жаткан аскердин апасынын кайрылуусунда. Кайрылуунун үлгүсү социалдык тармактарга жүктөлдү.

Сауле Иманалиева уулун издөө иштерин жеке көзөмөлгө алуусун өтүнүп, президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган.

Тажикстандын кол салуусунан улам Дастан Анарбеков каза болгондугу айтылган, кийинчерээк анын белгисиз болуп жатканы кабарланган.

Дастан Анарбеков 21 жашта. Ал Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында төрөлгөн.

Мындан үч ай мурун Дастан Анарбеков «Достук» чек ара заставасынын башчысынын орун басары болуп дайындалган. Ал беш бир туугандын экинчиси. Дастан Анарбеков Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтун кызыл диплом менен аяктаган. 17-сентябрда тажиктердин куралдуу кол салуусунан бери дайынсыз болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kg-04
2022-09-26 02:08:00
Энелер ыйлабасынчы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан