Сеулда 25-сентябрда кыргызстандыктар Тажикстандын агрессиясына каршы тынчтык митингине чыгышты.
Анда Тажикстандын кол салуусуна жана агрессиясына каршы тынчтык митингинде тажик тараптын эл аралык мыйзамдарды бузгандыгы сынга алынды.
Митингчилер: «Баткен, биз сиз менен», «Баткенге тынчтык!» деп кыйкырып турушту. Жарандар “Токто, Рахмон” деген баннерлерди кармап, Тажикстанды Кыргызстанга чабуулун токтотууга чакырышкан.
Жыйын Сеул шаарынын мэриясынын астында жана Кореянын Тышкы иштер министрлигинин кире беришинде өттү.
Буга чейин Кыргызстанды колдогон тынчтык митингдерге АКШдагы кыргыздар да катышкан. Акциялар Чикаго жана Нью-Йорк шаарларында өттү. Ушундай эле акциялар Прага жана Франкфурт шаарларында да болгон.