Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалды жөнгө салуу жөнүндө протоколго кол коюлду. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Протоколго эки өлкөнүн УКМК башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов кол койду.
"Протоколдун негизги мааниси кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан жаңжалды токтотуу, мындан ары анын кесепеттерин жоюу жана кезектеги чырга жол бербөө болуп саналат. Кол коюлган протоколдун негизинде жергиликтүү бийлик органдары, күч түзүмдөрүнө бир нече тапшырмалар берилди, анын аткарылышын өзүбүз көзөмөлдөйбүз", - деди Ташиев.
Мындан сырткары чек арадагы делимитация жана демаркация маселесин тездетүүнү макулдашышкан.
Тараптардын жолугушуусу "Кызыл-Бел" көзөмөл өткөрмө жайында бүгүн, 25-сентябрда өткөн.
Эске салсак, 14-17-сентябрь күндөрү Тажикстан кыргыз тарапка куралдуу кол салган. Анын кесепетинен 62 Кыргыз жараны мерт кетип, жабыркагандардын саны 200гө чамалады. Куралдуу кол салуунун кесепетинен 140 миңге жакын жаран коопсуз жайга эвакуация болгон.