"Бүгүндөн баштап чек арабызда тынчтык болот". Баткендиктер үйлөрүнө кайта берсе болору айтылды

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында коопсуз аймактарга эвакуацияланган Баткен жана Лейлек райондорунун тургундары үйлөрүнө кайта берсе болот. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

"Жашоочулар өз алдынча үйлөрүнө кайта берсе болот. Эгерде мүмкүнчүлүк жок болсо, анда жергиликтүү бийлик органдары ӨКМ менен биргеликте транспорт уюштуруп берет. Көчөгө чыгып, транспорт издеп кыйналбаңыздар. Анын баарын өзүбүз уюштуруп беребиз. Бүгүндөн баштап мамлекетибизде, чек арабызда тынчтык болот", - деп баса белгиледи Ташиев.

Белгилей кетсек, бүгүн Баткен районундагы "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрмө жайында чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өттү. Анын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Ал эми 14-17-сентябрь күндөрү орун алган Тажикстандын агрессиясынын кесепетинен Баткен облусунун 140 миңге жакын тургуну коопсуз жайга эвакуацияланган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bazana
2022-09-25 16:56:00
Ишенбейт эл
+2
erlan_87
2022-09-25 17:24:00
Патриот боло бергенден маселе чечилбейт. Армиянын жөндөмүн жогорулатуу керек. Корконуч бир эле таджиктерден жмес, башкасынан чыгышы мүмкүн. Реалист болуш керек.
-1
Antiradikal11
2022-09-26 00:25:00
erlan_87 Армияны реформалабаса каяктан армия кучтонот? Армия башында тупойлор отурса. Армияда дедовщина тыйылбай жоокерлер олуп же майып болуп жатса.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан