Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан төрт көзөмөл-өткөрмө посту эки тараптан тең алына турган болду. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Протоколдун негизинде төмөнкү посттор алынат:
- "Тамдык" (Кыргызстан) - "Бедак" (Тажикстан);
- Булак-Башы" (Кыргызстан) - "Кех" (Тажикстан);
- "Катта-Туз" (Кыргызстан) - "Карачикум" (Тажикстан);
- "Дача" (Кыргызстан) — "Шаршене" (Тажикстан).
Мындай макулдашуу бүгүн Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов менен жолугушуу учурунда бекитилген. Эки тарап жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол коюлганы кабарланган.