ӨКМ: "Эвакуация болгон жарандар туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады"

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 26-сентябрь саат 08:00гө карата эвакуациялоо жана гуманитардык жардам тууралуу маалымат жарыялады.

Билдирүүдө айтылгандай, жалпы облус боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 36 миң 242 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан. 4 миң 207 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 миң 800 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. 92 миң 521 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Ал эми Ош облусунун Чоң Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Баткен облусуна жалпы 1500,632 тонна гуманитардык жардам жеткирилген. Анын ичинен 264,867 тонна ӨКМ тарабынан, 1036,62 тонна жарандар тарабынан жеткирилген. Учурда кампада 199,15 тонна гуманитардык жардам турат.

Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө. Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 129 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда.

Алар: Ош облусунда – 44; Жалал-Абад облусунда – 13; Нарын облусунда – 6; Ысык-Көл облусунда – 53; Чүй облусунда – 8; Ош шаарында –1; Бишкек шаарында – 4.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан