Бишкекте Баткен районунун тургундары үчүн 4 пункт ачылды. Бул туурасында мэриянын маалыматында айтылат.
Ага ылайык, атайын пункттар республикалык штабдын ишинин аякташына байланыштуу ачылган.
Пункттар төмөнкү даректерде жайгашкан:
Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Жибек Жолу кең көчөсү, 495, тел: 0(312) 670433, 0700 020167;
Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Чүй кең көчөсү 28, тел: 0(312) 530368, 0702148830;
Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Байтик Баатыр көчөсү, 17, тел. 0312 51-02-63, 57-04-59;
Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Литвенко 2, маалымат үчүн тел: 0(312) 653748, 653926.