Бишкектин тургундары Баткенге 552 миң сомдон ашык жардам көрсөттү

Бишкек шаарынын тургундары Баткен окуясынан жабыркагандарга 552 миң 563 сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүштү. Маалыматты муниципалитеттен билдиришти.

Ага ылайык:

  • 12 357 килограмм ун,
  • 49 311 килограмм кумшекер,
  • 3095 литр өсүмдүк майы,
  • 1393 даана консервацияланган азыктар,
  • 7035 килограмм ун азыктары,
  • 9065 килограмм гигиеналык каражаттар,
  • 4007 медициналык керектөөлөр,
  • 2700 килограмм жер-жемиштер,
  • 2847 килограмм дан азыктары,
  • 351 килограмм кондитердик азыктар жана кийимдер жөнөтүлдү.

Маалымат үчүн: Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 62 жаран каза болуп, 198 адам ар кандай жаракат алды. Мындан тышкары 430 ашык үй, мектеп, бала бакча жана башка административдик имараттар талкаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан