ИИМ жарандарды шылуундардын кылтагына илинип калбоого чакырат

Баткендеги чек ара чырында жабыркагандарга жардам берүү шылтоосу менен шылуундар социалдык тармактарда ар кандай банктык эсептерди ачууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришет.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда алар ар кандай банктык реквизиттерди көрсөтүп, анын үстүнө посттордун бирине Баткен облусундагы соңку окуяда жаракат алган жоокердин сүрөтүн тиркеп коюшкан.

"Биз жарандарды өздөрүн ыктыярчы, активист катары көрсөтүп, каражат чогултуу боюнча билдирүүлөрдү таратып жаткан алдамчылардын кылтагына илинип калбоого чакырабыз", - деп жазылат ИИМдин маалыматында.

Эскерте кетсек, акча каражаттарын которууга мүмкүн болгон атайын банк эсептер расмий билдирүүлөрдө гана көрсөтүлөт.

Маалымат үчүн: Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 62 жаран каза болуп, 198 адам ар кандай жаракат алды. Мындан тышкары 430дан ашык үй, мектеп, бала бакчалар жана башка административдик имараттар талкаланып, 136 миң 770 жаран үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан