Мектеп директорлорун тандоо II айлампа: Жалал-Абадда 54 талапкер тестти ийгиликтүү тапшырды

Жалал-Абад облусунун мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөөнүн II айлампасы өттү.
Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, сынактын II айлампасы 21-сентябрда болду. Ага катышуу үчүн жалпы 269 талапкер документ жиберип, анын 221и тестирлөөгө катышуу укугун алган.
Компьютердик тестирлөөгө 212 талапкер катышып, 9 адам сынакка келген жок. Жыйынтыгында 54 талапкер босого балл же андан жогору упай топтоду.
Буга чейин Жалал-Абад облусунда 132 бош орун бар экендиги жарыяланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан