Грузиянын бийлиги бүгүн, 26-сентябрдан тарта Орусиянын жарандары үчүн чек арасын жабышы мүмкүн. Бул тууралуу оппозициялык партиянын депутаты Нона Мамулашвилиге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматта айтылгандай, бул чечим Орусия Федерациясы жарым-жартылай мобилизациялоо жарыялагандан кийин Грузияга Орус жарандары көп келип баштаганы менен байланыштуу болууда.
Билдирүүдө айтылгандай, чектөө Орус жарандыгына ээ 18 жаштан 55 жашка чейинки эркектерге карата киргизилиши ыктымал. Ал эми Грузиянын бийлиги бул тууралуу расмий билдирүү тарата элек.