УКМК 4 чек ара посттун алынышы боюнча түшүндүрмө берди

Кечээ, 25-сентябрда "Кызыл-Бел-автожол" өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын компетенттүү органдарынын, Баткен жана Согди облусунун башчыларынын, тараптардын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан маалымат таратышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстан Республикасынын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын делегацияларынын жолугушуусунун протоколуна кол коюшту.

Анда тараптар төмөнкү постторду жана заставаларды алып салууну жана чек араны коргоо бөлүктөрүнүн ар кандай түрлөрүн койбоону макулдашты:

"Тамдык" (Кыргызстан) жана "Бедак" (Тажикстан) заставаларын,

"Булак-Башы" (Кыргызстан) жана "Кех" (Тажикстан) постторун,

"Катта-Туз" (Кыргызстан) жана "Каракчикум" (Тажикстан) постторун,

"Ак-Сай" (Кыргызстан) постун жана "Шаршара" (Тажикстан).

"Протоколго ылайык, аталган бөлүмдөрдүн имараттары жана курулмалары консервацияланат. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтаруу кыймылдуу чек ара кезметтери менен жүргүзүлөт. Алар чек араны бойлой көрсөтүлгөн жана макулдашылган маршруттар боюнча так жүрөт.

Мындан тышкары тараптар жаңжалдуу кырдаалдар көп болуп турган тилкелерге видеобайкоо камераларын орнотууну паритеттик негизде макулдашышты.

Белгилей кетсек, протоколдо айтылган посттор жайгашкан участоктордо калк жашабайт.

Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары тарабынан мурда колдонулган Тамдык (Кыргызстан) - Бедак (Тажикстан), Булак-Башы (Кыргызстан) жана Кех (Тажикстан) жер тилкелеринде айыл чарба иштерин жүргүзүүнү камсыз кылышы керек.

Протоколго ылайык биргелешкен жумушчу топтун чек ара аймактарынан аскерлерди жана оор аскердик техникаларды, кошумча күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгашкан жерине алып чыгып кетүү боюнча иши улантылат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Cholpon.93
2022-09-26 11:57:00
Ушунчалыкда акылсыздык болобу? тажатты бул Ташиев
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан