Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.
Ага ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматта Сабиров өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулганы айтылат. Ал аталган кызматка 2022-жылы март айында дайындалган.