Тажикстандын кол салуусунда талкаланган турак-жайларды калыбына келтирүү иштери башталды

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда талкаланган турак-жайларды калыбына келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Президент Жапаровдун тапшырмасы менен ушул жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасынын чегиндеги айылдарда жабыркаган турак-жайларды калыбына келтирүү иштери башталды. Тапшырмага ылайык, үйлөр жаңы жылга чейин курулуп бүтүшү керек", - деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткенде жалпы 1 158 объект талкаланган. Алардын ичинен 613 турак-үй жарактан чыкса, административдик-стратегиялык маанидеги тогуз объект, анын алтоо чек ара тозоту, үчөө айыл өкмөттүн имараты, социалдык маанидеги 15 объект, алардын 7си мектеп, 6 бала бакча жана 2 ФАП, 323 сарай, 171 чарбалык курулуш, бир унаа өтүүчү көпүрө жана 26 унаа зыянга учурады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан