1-октябрда Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын экинчи утушун өткөрөт. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.
Билдирүүдө айтылгандай, иш-чара саат 16:00дө "Ала-Тоо 24" телеканалында жана Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.
"Бүгүнкү күндө лотереяга 130 миң адам жана жалпы суммасы 11 миллиард 1 миллион сомго 16 миллион 600 миң лотереялык ID-билеттер катышып жатат. Экинчи турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 1 автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон жана 16 даана ар кандай тиричилик техникалары ойнотулат. Лотереянын катышуучусу болуу үчүн "Салык Чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алуу, каттоо жол-жобосунан өтүү жана кассалык чектеринин QR-кодун сканерлөө зарыл. Салык кызматы жарандарга товарларды же кызматтарды сатып алууда кассалык чекти талап кылууну сунуштайт, анткени алардын ар бири катышуучунун жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат", - деп айтылат маалыматта.