Өлкө аймагында акыркы 1 апта ичинде 85 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алды

Кыргызстанда бир аптада, тагыраагы 19-25-сентябрь аралыгында COVID-19дун 85 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 72 адам амбулатордук дарыланууда, 13 бейтап ооруканага жаткырылган.

2022-жылдын 38-жумасына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы аптадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден төмөн, бул оорунун азаюусун билдирет. 2022-жылдын 8 ай 25 күн ичинде COVID-19дун 21 миң 335 учуру катталган, анын ичинде 19 328 (90,6 %) учур лабораториялык түрдө жана 2007 учур (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан