Баткен окуясында уулдарынан ажыраган энелерге жана СССРдин Эл артисти Айсулуу Токомбаеванын 75 жылдыгына карата “Саманчынын жолу” балет-ораториясы коюулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Баткен окуясында уулдарынан ажыраган энелерге жана СССРдин Эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Айсулуу Токомбаеванын 75 жылдыгына арналган легендарлуу “Саманчынын жолу” спектакли коюлду.
"Саманчынын жолу" балет-ораториясы — кыргыздын чыгаан композитору, Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин Эл артисти Калый Молдобасановдун чыгармачылыгынын туу чокусу болуп саналат. Балет-ораторияда Улуу Ата Мекендик согушта жолдошунан жана үч уулунан ажыраган карапайым кыргыз аялы Толгонайдын драмалык тагдыры көрсөтүлүп, аны Кыргыз Республикасынын Эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Уран Сарбагышевдин жетекчилиги алдында коюлган. Ал эми Айсулуу Токомбаева башкы ролдун биринчи жана теңдешсиз аткаруучусу болгон. Ал эми бул жолу коюлуп жаткан балет-ораторияны тетардын башкы балетмейстер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айзада Тумакованын жетекчилиги астында жаш таланттуу бийчилердин муундары сахнага алып чыгышты.