16-сентябрдагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Баткен жана Лейлек районунун чек арага жакын айылдарынын жашоочулары үйлөрүн таштай качууга аргасыз болушкан. Жергиликтүү тургундар баскынчылар ээн калган үйлөрдү жана соода түйүндөрүн алгач талап-тоноп, андан соң өрттөп кетишкенин айтышат. Каргашалуу окуя орун алган айылдардын жеринен даярдалган репортажды толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.
Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгондордун саны 62ге жетти. Алардын басымдуу бөлүгү аскер кызматкерлери. Агрессиянын курмандыктарынын арасында жай тургундар жана балдар да бар. Ал эми жаракат алган жарандардын саны 198.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткенде жалпы 1 158 объект талкаланган. Алардын ичинен 613 турак-үй жарактан чыкса, Административдик-стратегиялык маанидеги тогуз объект, анын алтоосу чек ара тозоту, үчөө айыл өкмөттүн имараты, социалдык маанидеги 15 объект алардын 7си мектеп, 6 бала бакча жана 2 фап, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир автоунаа өтүүчү көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учурады.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>