Эртең, 27-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан маалымдашты.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28;
Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 18...23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 18 ... 23;
Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23;
Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 19...24;
Бишкек шаарында түнкүсүн 12…14, күндүз 22…24.