Баткен районунун Капчыгай айылынын тургуну Жаныбек Орозокулов 16-сентябрдагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунда баскынчылар 14 баш уйун айдап кеткендигин айтат.
"Үстүмдөгү кийимден башка эч нерсем калган жок. Үйүм толугу менен күйүп кетти. 2-3 тоннадай өрүк бар эле, 14 баш уйум бар болчу. Унааларды алып келип үйлөрдү алгач талап-тоноп, андан соң өрт коюп малды айдап кеткенин тоодон карап отурдук", - дейт ал.
Каргашалуу окуя орун алган айылдардын жеринен даярдалган репортажды толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.
Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгондордун саны 62ге жетти. Алардын басымдуу бөлүгү аскер кызматкерлери. Агрессиянын курмандыктарынын арасында жай тургундар жана балдар да бар. Ал эми жаракат алган жарандардын саны 198.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткенде жалпы 1 158 объект талкаланган. Алардын ичинен 613 турак-үй жарактан чыкса, административдик-стратегиялык маанидеги тогуз объект, анын алтоосу чек ара тозоту, үчөө айыл өкмөттүн имараты, социалдык маанидеги 15 объект, алардын 7си мектеп, 6 бала бакча жана 2 фап, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир автоунаа өтүүчү көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учурады.