Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге Ижевск шаарындагы мектептеги ок атуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
“Орусия Федерациясынын Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы №88 мектепте ок атуудан адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды абдан өкүнүч жана кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул трагедиядан жабыркагандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм.
Орду толгус жоготуунун азасын жана кайгысын тең бөлүшөм”, - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.
Ижевск шаарындагы №88 мектепте ок атуу бүгүн, 26-сентябрь күнү эртең менен болду. Мектептин бүтүрүүчүсү Артём Казанцев имаратка кирип, ок чыгарган. Жыйынтыгында 15 адам каза болуп, 21 адам жаракат алды. Кол салган адам өз жанын кыйган.