Ош шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн тосмолорунун мыйзамдуулугу текшерилүүдө. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн бардык орнотулган тосмолорунун мыйзамдуулугун текшере баштады. Анын алкагында курулуш компаниялардын сатуу бөлүмдөрү жайгашкан муниципалдык жер тилкелерине, ошондой эле андагы жарнак такталарынын жана курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн тосмолоруна орнотулган жарнак баннерлеринин мыйзамдуулугуна өзгөчө көңүл бурулууда.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар компанияларга жогорудагы жагдайларды мыйзамдаштыруу боюнча тиешелүү эскертүүлөр берилгени айтылат.