Тажикстандын кол салуусунда талкаланган 453 турак жай кайра салына турган болду

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда талкаланган 618 турак жайдын 453ү кайра курулат. Бул тууралуу Медиа штабдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, калган 165 үй капиталдык оңдоодон өткөрүлмөкчү. Азыркы тапта талкаланган үйлөрдүн орду тазаланып, курулуш иштери башталууда. Өкмөт жаңы үйлөр жыл жаңырганга чейин салынып бүтөөрүн убадалады.
Эске салсак, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, 16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга кол салган. Андан 62 кыргызстандык курман болду, алардын басымдуу бөлүгү аскер кызматкерлери. Агрессиянын курмандыктарынын арасында жай тургундар жана балдар да бар. Ал эми жаракат алган жарандардын саны 198.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткенде жалпы 1 158 объект талкаланган. Алардын ичинен 613 турак үй жарактан чыкса, административдик-стратегиялык маанидеги тогуз объект, анын алтоосу чек ара тозоту, үчөө айыл өкмөттүн имараты, социалдык маанидеги 15 объект, алардын 7си мектеп, 6 бала бакча жана 2 ФАП, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир автоунаа өтүүчү көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учурады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан