Талас облусунда 24-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан жарандын унаасы суудан чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Ак-Башат айылынын 60 жаштагы А.А. аттуу тургуну 24-сентябрда мал базарга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Кечээ, 26-сентябрда аталган жарандын Ауди-80 үлгүсүндөгү унаасы Көк-Дөбө айылынан өткөн Чоң-Талас каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
"Жерине Кара-Буура райондук №91 ӨКБдан 4 куткаруучу, туугандарынан 30 адам тартылып, менчик крандын жардамында унааны чыгарышты. Унаада адам жок жана айнектери ачык болгондугуна байланыштуу издөө иштери жүргүзүлүп, кеч киргендиктен убактылуу токтотулган. Издөө иштери бүгүн, 27-сентябрь күнү улантылат", - деп айтылат маалыматта.