"ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө шаар тургуну кайрылып, Орусиядан келген жарандардын агымы күч алгандан бери Бишкек шаарында батир ээлери ижара акысын кескин түрдө кымбаттатып, болбосо бошотуп коюу талабын коюп жатканына нааразы болду.
"Мен сиңдилерим менен бирге борбор калаада батирде жашайбыз. Бүгүн ээси чалып, батирге Орусиядан келген жарандарды киргизерин айтып, биздин бошотуп коюубузду айтты. Биз бул батирде көп убакыттан бери жашайбыз, эмне кыларыбызды билбей жатабыз. Ижара акысын ар дайым өз убагында төлөп, батирди таза кармап жашачубуз.
Орусиядан келген жарандардын агымы күч алгандан бери Бишкек шаарында батир ээлери ижара акысын кескин кымбаттатып, төлөй албаса чыгып кетүүнү талап кылышууда. Бишкекте ансыз да батирди ижарага алуу оңой эмес, баалары да кымбат. Эми батирге жаңы гана жайгашкан студенттерди чыгарып жатканы акыйкатсыз. Өлкөбүздө эмгек акы деле жарытарлык эмес экени белгилүү.
Батир ээлеринин бул кадамы ижарада жашаган адамдарга терс таасир берип жатат. Мындан улам биз батир ээлери тууралуу Салык кызматына кабар берүүдөн башка аргабыз жок. Салык кодексине ылайык, ижарага берген адам ай сайын патент жана соцфонд акысын төлөш керек. Бирок алар бул талаптарды аткарбай жатканы бизге айдан ачык", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.