Бишкекте 550 орунга ылайыкталган мектеп ачылды (сүрөт)

Бишкекте №75 жалпы билим берүүчү мектеп-лицейинин ачылыш аземи болуп өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Муниципалитеттин маалыматына таянсак, мектеп 550 орунга ылайыкталган. Имараттын аянты 5607 чарчы метрди түзөт.

Эки кабаттуу билим берүү мекемеси 20 класска ылайыкталган. Спорт залдын аянты 384 чарчы метрди түзөт. Мектептин жер төлөсү да бир блок болуп, анда коммуналдык кампалар, насостук станция, жылытуу блогу, вентиляциялык камера, кампа жайгашкан.

Билим берүү мекемеси бардык зарыл болгон көмөкчү бөлмөлөр менен курулган: гардеробу бар тамбур, санитардык бөлмөлөр, канцелярия, универсалдуу устакана, кыздар үчүн эмгек классы, кабыл алуу бөлмөсү, дарыгер кабинеттер, техникалык кызматкерлер, тренер, инвентарлар бөлмөсү, дарылоо бөлмөсү, ашкана, тамактануучу зал, кийим алмаштыруучу жай, лабораториялар, китепкана, окуу залы жана жыйындар жайы.

Окуучулардын класстарынан тышкары мектеп имаратында өзүнчө блок менен бөлүнгөн музыка класстары да бар. Музыкалык класстардын жалпы аянты 424 чарчы метр.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан