Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Алтынбек Сулаймановдун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж экендигин айтканы боюнча пикирин социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анда Султанбаев аймактык реформанын долбоорун иштеп чыгуу көптөгөн жылдарды талап кыларын жазган.
"Алтынбек Сулайманов айткандай, аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт. Бир жылдан бери долбоору даярдалып жатат. Адистерден турган топ иштеп жатат. Даяр болору менен реформа башталат. Президенттин администрациясы кол куушуруп олтурган жок. Алгач тажрыйба иретинде бир аймакта сыналат. Андан кийин ошого жараша калган аймактарда иш жүрөт.
Көз ачып жумганча эле жасай салгыдай, бул оюнчук иш эмес. Аймактык реформанын долбоорун иштеп чыгуу көптөгөн жылдарды талап кылат. Өтө кылдат иштелип чыгууда. Популисттик кылып реформа жасап жатабыз деп эле бышпаган нерсени жасай салсак, мамлекеттик түзүлүштү талкалап алышыбыз мүмкүн", - деп жазган Султанбаев.
Белгилей өтсөк, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырган. Ал жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж экендигин айтып, жергиликтүү башкаруу системасын сынга алган.