Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткендеги Тажикстандын кол салуусуна кабылган аймактардын жашоочуларынан жарылбай калган снаряддарды көргөндөр болсо дароо ӨКМга же милицияга кайрылууну эскертти.
16-сентябрда Тажикстан буга чейин сүйлөшүлгөн бардык келишимдерди бузуп, саат 06:00 чамасында Кыргызстандын чек арасына аскерин тартып келип, куралдуу күчтөрдү, аскердик оор техникаларды колдонуу менен чек ара постторун жана калк жашаган аймакты аткылаган. Анда чек ара тозотторунан сырткары Лейлек районунун Интернационал, Максат, Борбордук, Арка, Достук айылдары жана Баткен районунун Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк айылдары зыянга учураган. Баскынчылар аталган айылдардын айрымдарын алгач талап-тоноп, андан сон үйлөргө өрт коюп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткенде жалпы 1 158 объект талкаланган. Алардын ичинен 613 турак үй жарактан чыкса, административдик-стратегиялык маанидеги тогуз объект, анын алтоосу чек ара тозоту, үчөө айыл өкмөттүн имараты, социалдык маанидеги 15 объект, алардын 7си мектеп, 6 бала бакча жана 2 ФАП, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир автоунаа өтүүчү көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учурады.