Кыргызстан ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногун өнүктүрүүнүн бирдиктүү концепциясын иштеп чыгууну сунуштоодо. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев "Эмгек рыногу боюнча евразиялык диалог" эл аралык форумунда орто мөөнөттүү мезгилге ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногун өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууну сунуштады. Аталган форум 27-28-сентябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын ЕАЭБдеги төрагалыгынын алкагында өтүүдө.
Министрдин айтымында, концепция биринчи кезекте ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин экономикасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө негизделиши керек, алар калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, калкты иш менен камсыз кылууну жана евразиялык интеграциялык бирикменин социалдык туруктуулугун жогорулатуу кызыкчылыгында болушу керек.
"Бул үчүн жаңы компетенцияларды, билимдерди жана көндүмдөрдү үйрөтүүгө багытталган кесиптик билим берүүнүн жана квалификацияны жогорулатуунун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу зарыл.
Жаңы билимдерди киргизүүнү тездетүүгө, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ЕАЭБдин эмгек рыногунда жумуш издеп жаткан жарандарынын кесиптик квалификациясын жана көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган бирдиктүү тармактык саясатты иштеп чыгууну сунуштайм. Ошондой эле Бирликке мүчө мамлекеттердин квалификация системаларын жакындатуу максатында улуттук жана бирдиктүү эмгек рыногу тарабынан кызматкерлердин квалификациясын укуктук жана институционалдык жөнгө салуунун бирдиктүү механизмдерин иштеп чыгуу сунушталууда", - деди министр.