“Талас” соода-базар комплекси Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди

“Талас” соода-базар комплекси мамлекеттик ишканасы жана жер тилкеси Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Аталган чечим Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында кабыл алынган.
Буга катар өткөрүлүп берилген ишкананын мүлктүк комплексин, анын ичинде анын бөлүгүн андан ары ажыратууга тыюу салынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан