Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жалпы жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Балбак Түлөбаев Балыкчы шаарынын мэрин бир аптадан бери таппай жатканын айтты.
"Бир аптадан бери ордуна жок. Такыр таппай жатабыз. Вице-мэр камалып кетти. Азыр Балыкчыда бийлик жок. Ушуну тезинен өкмөткө айтып, тапса таап, орудна отургузуп, болбосо кетирип, вице-мэрди шайлайлы. Кыш келе жатат. Кечээ губернатор дагы кетти", - деди Түлөбаев.