Белгилүү манасчы Рысбай Исаковдун Түркиянын Бурса шаарында узак убакытка манас айтуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу билдирди.
"Рысбай Исаков өзүнө коюлган 130 саат убакыт манас айтты. Анын ичинен 128 саат протокол бекитип берди. 22-сентябрда саат 19:00дө баштаган, 28-сентябрга караган түнү саат 3тө жыйынтыктады. Документтердин баары тапшырылды. Протоколдун баары комиссиянын колунда. Иш-чаранын максаты - айтуучулуктун уникалдуулугун дүйнөгө көрсөтүү", - деп билдирди ал.
Белгилей өтсөк, 21-28-сентябрь аралыгында Түркиянын Бурса шаарында Бүткүл дүйнөлүк IV көчмөндөр оюндарын утурлай "Баарын коюп Манасты айт" аттуу манас жумалыгы өттү. Иш-чаранын алкагында манасчылардын ичинен Исаков манасты узак убакытка айтты.
Буга чейин социалдык тармакта Исаковдун манас айтып жаткандагы видеосу талкууга алынган. Талкууга алынып жаткан видео тууралуу "Манас" театрынын жетекчиси комментарий берген.