Эртең, 29-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан маалымдашты.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8 … 13 °C, күндүз 21 … 26 °C;
Чүй облусунда түнкүсүн 8 … 13 °C, күндүз 16 … 21 °C;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3 … 8 °C, күндүз 14 … 19 °C;
Талас облусунда түнкүсүн 3 … 8 °C, күндүз 15 … 20 °C;
Нарын облусунда түнкүсүн 1 … 6 °C, күндүз 15 … 20 °C;
Бишкек шаарында түнкүсүн 8…10, күндүз 19 … 21 °C