Тажикстандын агрессиясы: Эвакуация болгон 121 миңден ашык жаран үйлөрүнө кайтышты

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусунда эвакуация болгон 121 589 жаран туруктуу жашаган жерлерине кайтышты. Маалыматты ӨКМдан кабарлашты.

Ага ылайык, облус боюнча жалпы 136 770 жаран эвакуацияланган.

Жергиликтүү бийлик тарабынан үйлөрү жараксыз болгон жарандарга жалпы облус боюнча 8 мекеме 64 бөлмө, 218 жеке жарандардын үйлөрү даярдалган:
  • Баткен району - 74 жарандын үйлөрү;
  • Кадамжай району - 3 мекеме 25 бөлмө, 33 жарандын үйлөрү;
  • Лейлек району - 86 жарандын үйлөрү;
  • Кызыл-Кыя шаары – 5 мекеме 39 бөлмө;
  • Баткен шаары – 25 жарандын үйлөрү кабыл алууга даяр.
Маалымат үчүн: 16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 62 адам каза болгонун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан