Бүгүн Түркияда дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталат

Бүгүн Түркияда дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Кабарлангандай, иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча кечки саат 6да болот.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын маданият ишмерлери жана спортчулар толугу менен даяр. Жалпы оюндарга 148 спортчу оюндун түрлөрү менен катышып, 30га жакын маданият ишмерлери салтанаттуу ачылыш аземдин чоң программасына катышат.

Учурда оюндарга катышуучу чыгармачыл топтор Түркияда режиссёрдук топ менен биргеликте даярданып жатат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана алыш оюндары расмий мелдеш катары кирген. Ошондой эле кыргыз спортчулары көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу спорту боюнча мелдештер өтүп, аталган оюндарга кыргыз спортчулары да катышат.
Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.
Оюндар 2-октябрга чейин уланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан